Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХIX-сессиясы
2020-жылдын 22-сентябры № 34
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Мыйзамына ылайык Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин айрым депутаттардын депутаттык мандатын токтотуу боюнча депутат Н.Кожоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары Сатаров Абдиламит Ташбелович жана Камалов Динмухамед Абдимомуновичтердин депутаттык мандаттары токтотулсун.
2. Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешине кезектеги депутттарды аныктап берүү жагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |