Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХVIII-сессиясы
2020-жылдын 19-июну № 23
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 28-февралындагы №14-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“CASA-1000” жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105-токтомунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагына “CASA-1000” жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчү айыл өкмөтүнүн кароосундагы №510, 505, 507, 574, 578, 583, 585, 11, 30, 102, 110, 9, 498, 582, 668, 671, 595- контурларындагы 8391м.кв жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |