Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 142
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA-1000 » долбоорун ишке ашыруу жөнүндө, №105 токтомун аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу №105 токтомунун негизинде,Марказ айыл Өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү 500 КвТ электр аба чубалгысын орнотуу үчүн Марказ айыл Өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Марказ айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «CASA-1000 »долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы 500 КвТ электр чубалгысын орнотуу үчүн тирөөчтөрүнүн саны 29 даана болуп жалпы ээлеген жер аянтынын өлчөмү 10378ч.м экендиги белгмленсин.
2. «CASA-1000 »долбоорунун ишке ашыруу үчүн 10378ч.м жер аянты 49 жылык мөөнөт менен Марказ айыл Өкмөтүнүн аймагынан ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
3. Долбоорду ишке ашырууга жакындан жардам берүү максатында айыл ичиндеги калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Электр чубалгыларына жакын жайгашкан имаарат жана турак жай ээлерине долбоордун аткарылышы туралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, турак жай жана участогунун иш кагаздарын тактоодо жакындан жардам көрсөтүлсүн.
5. Марказ айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Абдухоликовко долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып бару жагы тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Шамшиев |