Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 146
Марказ айыл Өкмөтүнүн ЖПБсинин 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Марказ айылдык Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык Кенештин сессиясында карап талкуулап чыгып Марказ айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Марказ айылдык Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата бюджети 333810 (үч жүз отуз үч мин сегиз жүз он) сомго бекитилсин.
2. 2020-жылга жайытка чыгуучу малдын түрүнө карап төмөнкүдөй баа коюлду.
Ири мүйүздүү малдарга 130 сомдон
Музоо (бир жашка чейинки) 100 сомдон
Кой, эчки 30 сомдон
Жылкылар 300 сомдон
Кулун (бир жашка чейинки) 100 сомдон
3. Ушул токтомдун аткаруу жагы ЖПБинин төрагасы Г.Рахмановко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын экономика финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
М. Шамшиев |