Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 149
Марказ айыл Өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Марказ айылдык Кенешинин күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып,талкуулангандыгы эске алып,экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши төмөнкүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин атайын каражаттар бөлүгүнө киреше булагы 1338809 мин сомго жана чыгыша бөлүгү 1338809 мин сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
М. Шамшиев |