Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы
2020-жылдын 23-апрели № 156
Марказ айыл аймагынын КААБнун мекемесинин уставын жана кенешинин курамыны бекитүү жөнүндө
Марказ айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тургунов айыл аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин аракеттериндеги мыйзам бузуулардын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу,аларды жасоого мумкундук берүүчүжагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чаараларды жүргүзүү үчүн сунушталган КААБнун мекемесинин уставын жана кенешинин курамын бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Марказ айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин аракеттериндеги мыйзам бузуулардын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу,аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жараандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш чараларды жүргүзүү үчүн сунушталган КААБнун мекемесинин уставын жана кенешинин курамы сунушталган тизме боюнча бекитилсин:
1.Абдирамитов Жаркынали - Аксакалдар сотунун төрагасы
2.Салиева Айзада - Аялдар кенешинин төрайымы
3.Мусаев Фарход - Айылдык кенештин депутаты(макулдугу менен)
4. Баймурзаева Дамира - «Келечек-1» балдар бакчасынын башчысы
5. Ташов Алибай - Айылдык кенештин депутаты(макулдугу менен)
6. Рахманова Динара - Жаштар уюмунун төрайымы
7. Нишанбаев Курманбек - милициянын учаскалык уполномоченыйы
8. Жакыпов Сайидбурхан - милициянын учаскалык уполномоченыйы
9. Кузибекова Айтбубу - «Айрыбаз» орто мектебинин директору
10. Юлдашов Мурзали - Арпа-Сай айылынын айыл башчысы
11. Жоошов Абдыкалык - Достук айыл башчысы
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комициаларына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
М. Шамшиев |