Редакцияот 14.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы

 

2020-жылдын 14-декабры № 65

Самаркандек айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 25-сентябрындагы V чакырылышынын VI cессиясынын №21 сандуу токтомуна өзгортүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Самаркандек айыл окмотунун Рават участкасынан Разаков 110/35/10 кВ”энергетикалык комокчу чордонун жана 110кВ электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу учун жер аянтын трансформациялоого макудук беруу жөнүндөгү 25.09.2019-жылдагы Самаркандек айылдык Кенешинин V-чакырылышынын VI-сессиясынын № 21 сандуу токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында

Токтом кылат:

1. Самаркандек айылдык Кенешинин V-чакырылышынын VI-сессиясынын № 21 сандуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

Самаркандек айыл окмотунун Рават участкасына энергетикалык“Разаков 110/35/10 кВ” комокчу чордонун жана “Разакова-Арка”110кв электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн мамлекеттик менчиктеги жалпы 14226,34м.кв жер аянтын  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Онор жай, транспорт, байланыш, энергетика,коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга  макулдук берилсин.

Анын ичинен №4491контурундагы мамлекеттик фондунун жеринен энергетикалык комокчу чордонун курууга 13500м.кв кайрак айдоо, электр аба чубалгысынын мамычаларын курууга 370,7м.кв (7 мамыча) кайрак айдоо жана №3595,3603,3699,3700 контурларындагы мамлекеттик менчиктеги жерден электр аба чубалгысынын мамычаларын курууга 355,64м.кв(5 мамыча) жайыт.

2. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл окмотуно тапшырылсын.

 

Самаркандек Айылдык

Кенешинин төрагасы:

 

М. Туллаев