Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 139
Марказ айыл Өкмөтүндө Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27-октябрь 2015-жылдагы токтомунун жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 23-ноябрь 2015-жылдагы 747-сандуу катына негиз Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27-октябрь 2015-жылдагы токтому Марказ айыл Өкмөтүндө аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Марказ айыл аймагында «Марказ» коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Марказ айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Тугуновко милдеттендирилсин.
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
М. Шамшиев |