Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезексиз жыйырма экинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-февралы № 22/2
“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) 2019-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы, 2020-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) директору Б.Караевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн бекитүү жана айыл аймагынан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин, муниципалдык ишканасынын (МИ) штаттык бирдигинин, эмгек акыларынын өлчөмүн бекитүү кезектеги сессияга калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |