Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезексиз жыйырма экинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-февралы № 22/3
“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы, 2020-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана штаттык бирдигин, эмгек акыларынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын директору Абдилкадыр уулу Биймырза сессияга катышпагандыгын эске алып Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы, 2020-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана штаттык бирдигин, эмгек акыларынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү маселе кийинки сессияга калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |