Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-ноябры № 24/1
“Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын балансасындагы техникаларга айыл өкмөтүнүн имараты жайгашкан жер аянтынын чыгыш тарабына техникалар туруучу жай (гараж) курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык, “Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын балансасындагы техникаларга, айыл өкмөтүнүн имараты жайгашкан жер аянтынын чыгыш тарабына техникалар туруучу жай (гараж) курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү айылдык кенештин депутаттарынын 28.08.2020-жылдагы кошмо жыйынынын № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансасындагы атайын таштанды чыгаруучу донгренг маркасындагы автоунаа, универсал Белорус-82 маркада трактор, камаз 5511-маркадагы автоунаа, фронтальный–погрузчик техникаларга, айыл өкмөтүнүн имараты жайгашкан жер аянтынын чыгыш тарабына техникалар туруучу жай (гараж) курууга 250 м. кв. жер аянтын бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтынын архитектуралык пландоо шарттарын (АПШ) жана ПСД түзүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |