Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-ноябры № 24/4
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 28- сентябрь 2020-жылдагы № 01-12/ 362 сандуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 28- сентябрь 2020-жылдагы № 01-12/ 362 сандуу катты угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө 1-январь 2018-жылдан 31-декабрь 2019-жылга чарбалык жана финансалык иштерин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан текшерүүнүн жыйынтыктары ар бир туруктуу комиссиясынын отурумдарында талкууланып каралсын жана отурумдардын протоколдук чечимдери айылдык кенештин сессиясынын кароосуна сунушталсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык Кенешинин төргасынын орун басары А.Камчыбековго, айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага, айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге, айылдык кенешинин курулуш, транспорт, оноржай, соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Бекеновго жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Шариповго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |