Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-ноябры № 24/5
1-Май айылындагы Кашат көчөгө Эл агартуунун мыктысы, Кыргызстан Коммунистик партиясынын мүчөсү (маркум) Сооронбаев Момундун ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара –Кулжа айылдык Кенешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “ Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомуна ылайык жана 1-Май айылындагы Кашат көчөнүн тургундарынын 20-ноябрь 2020-жылдагы № 2 “1-Май айылында жайгашкан Кашат көчөгө Эл агартуунун мыктысы, Кыргызстан Коммунистик партиясынын мүчөсү (маркум) Сооронбаев Момундун ысмын ыйгаруу жөнүндөгу” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.1-Май айылындагы Кашат көчөнүн тургундарынын 20-ноябрь 2020-жылдагы № 2 “1-Май айылында жайгашкан Кашат көчөгө Эл агартуунун мыктысы, Кыргызстан Коммунистик партиясынын мүчөсү (маркум) Сооронбаев Момундун ысмын ыйгаруу жөнүндөгу” протоколдук чечими бекитилсин жана 1-Май айылындагы Кашат көчөгө Эл агартуунун мыктысы, Кыргызстан Коммунистик партиясынын мүчөсү (маркум) Сооронбаев Момундун ысымы ыйгарылсын.
2.1-Май айылындагы Сооронбаев Момун атындагы көчөгө көрнөктөрдү, турак үйлөрдүн катар санын илдирүү, түнкү жарыктандыруу иштерин аткаруу жана жолдун шарттарын жакшыртуу жагы уулдары Сооронбаев Турсунбекке жана Сооронбаев Бексултанга тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |