Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-ноябры № 24/7
Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана 3 “Аймакты социалдык-экономикалык жактан онуктуруунун жана калкты социалдык жыктан коргоонун программаларын бекитуу жана алардын аткарылышын контролдоо жонундогу” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 20.11.2020-жыл № 5 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жыл бюджетинин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын абалы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жыл бюджетинин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгү 27.166.500 сомго жана чыгаша бөлүгү 25.590.500 сомго айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жыл бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткарууда Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык-маданий, билим беру, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |