Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-ноябры № 24/8
”Кара-Кулжа Таза-Суу” жана ”Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканаларынын 2020-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын абалы жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 20.11.2020-жылдагы № 5 ”Кара-Кулжа Таза-Суу” жана ”Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканаларынын 2020-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын абалы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 2.443.560 сомго жана чыгашасы 2.408.477 сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2.”Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 3.248.102 сомго жана чыгашасы 2.717.952 сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык-маданий, билим беру, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |