Редакцияот 26.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

2020-жылдын 26-ноябры № 24/9

Сары-Камыш айылынын тургуну 29-март 2012-жылы туулган туубаса жүрөк оорулу Бакыев Санатбекке дарыланууга акча каражатынан жардам көрсөтүү жана Кара-Кулжа айылындагы О.Жороев атындагы көчөгө орнотулган темир-бетонду алдыруу, 2021-жылга жергиликтүү бюджетке көчөнү асфальтоого сунуштоо жөнүндө

Сары-Камыш айылынын айыл башчысы М.Өмүрзаковдун “Сары-Камыш айылынын тургуну 8 (сегиз) жаштагы туубаса жүрөк оорулу Бакыев Санатбекке акча каражатынан жардам көрсөтүү жөнүндөгү” билдирүүсүн жана жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун айылдык кенешинин депутаты Д.Солпуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Камыш айылынын тургуну 29-март 2012-жылы туулган 8 (сегиз) жаштагы туубаса жүрөк оорулу Бакыев Санатбекке дарыланууга колдо көрсөтүүгө жергиликтүү бюджеттен социалдык багытка бөлүнгөн акча каражатынан 30.000 (отуз мин) сом бөлүнүп берилсин.

2. Кара-Кулжа айылындагы О.Жороев атындагы көчөгө орнотулган темир-бетон алдыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.

3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетке Кара-Кулжа айылындагы О.Жороев атындагы көчөнүн квадрат метирин тактап асфальтоого сунуш дярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн жер, турак жай коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Н.Апалаевге тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.

 

Кара-Кулжа айылдык

кенешинин төрагасы:

 

Б.Саипов