КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-ноябры № 24/10
1-Май айылындагы аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери (маркум) Дүйшөнбиев Көкүлдүн ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара –Кулжа айылдык Кенешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомуна ылайык жана 1-Май айылындагы аты жок көчөнүн тургундарынын 10-ноябрь 2020-жылдагы № 1 “1-Май айылындагы аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери (маркум) Дүйшөнбиев Көкүлдүн ысымын ыйгаруу жөнүндөгу” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.1-Май айылындагы аты жок көчөнүн тургундарынын 10-ноябрь 2020-жылдагы № 1 “ 1-Май айылындагы аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери (маркум) Дүйшөнбиев Көкүлдүн ысымын ыйгаруу жөнүндөгу” протоколдук чечими бекитилсин жана 1-Май айылындагы аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери (маркум) Дүйшөнбиев Көкүлдүн ысымы ыйгарылсын.
2.1-Май айылындагы Дүйшөнбиев Көкүл атындагы көчөгө көрнөктөрдү, турак үйлөрдүн катар санын илдирүү, түнкү жарыктандыруу иштерин аткаруу жана жолдун шарттарын жакшыртуу жагы уулу Дүйшөнбиев Расулга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |