Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-ноябры № 24/11
1-Май айылында жайгашкан “Суулу” учаскасындагы жалпысынан 3.79 га жер аянтына “Омад” дыйкан чарбасынын башчысы Т.Кудайбердиевдин өз каражатынан лагер курууга жер аянтынын категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жер жөнүндөгү” кодексинин 20-беренесинин, 12-болукчосунун талаптарына ылайык баалуу айыл чарба жерлерин башка категорияга которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктарына киргендигин эске алып жана Кара-Кулжа айылдык кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары. экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 01.09.2020-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.1-Май айылында жайгашкан “Суулу” учаскасындагы жалпысынан 3.79 га жер аянтына “Омад” дыйкан чарбасынын башчысы Т.Кудайбердиевдин өз каражатынан лагер курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланышты энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына (трансформациялоо) которуу боюнча үлүш ээлеринин макулдук каттары жок жана документтери толук болгондуктан билдирүүсү кароосуз калтырылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |