Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-ноябры № 24/13
Кара-Кулжа айыл аймагындагы калктуу конуштарда жайгашкан ички чарбалык жолдорго агын-суу өтүүчү асбест трубаларды орнотууга айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл аймагындагы калктуу конуштарда жайгашкан ички чарбалык жолдорго агын-суу өтүүчү асбест трубаларды орнотуу, айыл өкмөтүнүн имаратынын жанындагы темир мооруну көчөлөргө бөлүштүрүү жана иррагациялык иштерди жөнгө салуу максатында
Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы 1-Май айылынын этегине 2-даана агын-суу өтүүчү асбест трубаларын, Биймырза айылындагы Төшкү жана Т.Абилов атындагы көчөгө 4-даана агын-суу өтүүчү асбест трубаларын жана Кара-Кулжа көчөсүнүн этегине 1-даана, А.Исманов көчөсүнө 2-даана жана Т.Самидинова көчөсүнө 3-даана, А.Максутов көчөсүнө 1-даана агын-суу өтүүчү асбест трубаларын, жалпысынан 35 – диометрдеги 13 (он үч) даана асбест трубаларды орнотууга айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Кулжа айыл аймагындагы 1-Май айылынын көпүрө башы учаскасына 5-даана жана Кара-Кулжа айылындагы А.Жылтыров көчөсүндөгү ички каналга 2-даана агын-суу өтүүчү асбест трубаларды орнотууга жалпысынан 50 – диометрдеги 7 (жети) даана асбест трубаларды орнотууга айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |