Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2019-жылдын 18-декабры № 2
Чоң-Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Кашка-Суу айыл окмотунун жарандарынан талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 02-1/987 чыгыш сандуу катынын негизинде Кашка-Суу айылдык кенешинин отуруму
токтом кылат
1. Чоң-Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандарды көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдор бекитилсин (протоколдор тиркелет)
2. Чон-Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган төмөндөгү жарандар аймактык комиссиясынын курамына сунушталсын:
- Курбаналиев Абуталип Исманалиевич-Кашка-Суу айылынын айылдык ооруканасынан
- Кожокматов Абдыгапыр Акылбекович- Кабык айылынын жашоочуларынан
- Калбаев Турусбек Шермаматович-Кашка-Суу айылынын жашоочуларынан
- Асилов Женишбек Гламидинович-Кара-Кабак айылынын жашоочуларынан
- Абдималик уулу Абибилла- Ачык-Суу айылынын жашоочуларынан
3. Сунушталган талапкерлердин тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап, даярдап Борбордук шайлоо комиссиясынын райондук бөлүмүнө тапшыруу жооптуу катчы А.Кудайбергеновага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кенешинин укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук бирикмелер менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |