Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2020-жылдын 14-декабры № 55
Жаны-Бак айылынын Кулан участогундагы өнөр жай (промзона) зонасын пайдалануу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Ш Гапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Бак айылынын Кулан участогундагы 27,0 га жер аянты өнөр жай (промзона) зонасы Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болуп катталсын.
2. Өнөр жай зонасынын аймагынан 10,0 га жер аянтын түзүлгөн генпландын жана максаттуу долбоорлордун негизинде сатууга уруксат берилсин.
3. Долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Самаркандек айылдык Кеңешинин төрагасы: |
М. Тулаев |