Редакцияот 14.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы

 

2020-жылдын 14-декабры № 58

Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдар үчүн божомолун бекитүү жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Шайдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүнүн 2021- жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 2021-21721,5 миң сомго бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүнүн 2022- жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу 2022-22397,4 миң сомго бекитилсин.

3. Айыл өкмөтүнүнүн 2023- жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу 2023-22582,1 миң сомго бекитилсин.

4. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы экономика – бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Самаркандек айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

М. Тулаев