Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 17
Самаркандек айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 18- февралындагы “Андиген жайыт пайдалануучуларынын сунушуна макулдук берүү жөнүндөгү” №3 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүн жөнгө салуу”, “Жамааттар жана алардын бирикмелери” жөнүндөгү мыйзамыдарынын негизинде, Самаркандек айыл аймагынын “Жамал”жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сунушун угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн “Андиген” жайлоосун көрктөндүрүү үчүн арча көчөттөрүн отургузууга жайытты жашылдандыруу коргоо, жапайы жаныбарлардын санын көбөйтүү, тазалыкты сактоо жайыттын түшүмдүүлүгүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын токой чарбасы жөнүндөгү 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192- токтомунун негизинде “Жамал” жайыт пайдалануучулар жамаатын ачууга мкулдук берилсин
2. Фирмалык аталышы
а) Мамлекеттик тилдеги аталышы “Жамал”
б)Официалдуу тилде аталышы “Жамал”
3. “Жамал” жаматынын жобосу бекитилсин.
4. Жайгашкан дареги Самаркандек айылы МТФ көчөсү үй №10.
5. Ушул жамааттын Баткен токой чарбасы менен келишим түзүү жагы милдеттедирилсин.
6. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер боюнча траспорт, курулуш , айыл чарба, өнөр жай туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | М. Тулаев |