Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 18
Самаркандек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Самаркандек айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Р. Нишанованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 сандуу токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдиук укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө” типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы №743 сандуу токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык Самаркандек айылдык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын .
2. Кабыл алынган токтомдор коомдук жарыяга чыгып мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Баткен облустук юстиция башкармалыгынан суралсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдоө жагы мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Р Нишановага тапшырылсын.
Төрага | М. Тулаев |