Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 28-3/1
Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын, Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жѳнʏндѳгʏ, 2021-жылдын 10-июнундагы, протоколун угуп жана эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу жѳнʏндѳгʏ» Мыйзамынын 43-беренесинин, 4-бѳлʏмʏнʏн жана «Шаардын мэрин шайлоо жѳнʏндѳгʏ» Жобонун 5-бѳлʏмʏнʏн, 34-пунктунун негизинде, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын III сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жѳнʏндѳгʏ, 2021-жылдын, 10-июнундагы, протоколу эске алынсын.
2. Каракол шаарынын шайланган мэри болуп, Э.Дж.Джумаев эсептелинсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏнʏ, ѳзʏмѳ калтырам.
Төрага | Т. Акимканов |