Редакцияот 27.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 27-апрели № 27-42/5

Ж-2 А зонасында уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.Ɵскѳнбаевдин, Ж-2 зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2021-жылдын 02-апрелиндеги, кир: №01-7/114 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXII сессиясы,

токтом кылат:

1. Ж-2А (пайдалануунун тʏрлѳрʏ чектелген, индивидуалдуу ʏйлѳрдʏ куруу жана майда мʏйʏздʏʏ малды кармоого уруксаат берилген зона) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине тѳмѳнкʏдѳй ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, Ысык-Кѳл кѳчѳсʏ, №9 дарегинде жайгашкан, аянты 836,16 м2, жер тилкеси, Ц-1 (шаардын борборунун коомдук, иштиктʏʏ жана коммерциялык активдʏʏлʏк зонасы) зонасына которулсун.

2. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн ѳзгѳртʏʏнʏ киргизсин;

-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюуусуз аткаруусун камсыз кылсын.

3. Асангариев Э.Р, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана       Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.

4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5. Токтом ММКларда жарыялансын.

6.Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Төрага

Э.А. Айсаракунов