КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-апрели № 27-42/10
Заманбап медициналык борбор жана бала бакча куруу ʏчʏн жер тилкелерин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэринин м.а. Э. Джумаевдин, заманбап медициналык борбор жана бала бакча куруу ʏчʏн жер тилкелерин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳгʏ, 2021-жылдын 27-апрелиндеги, чыг:01-16/1396, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Белинский кѳчѳсʏ, №12 дарегинде жайгашкан, аянты 1846,21 м2 жер тилкеси, заманбап медициналык борборду куруу ʏчʏн бѳлʏнʏп берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын, Транспортная кѳчѳсʏндѳ жайгашкан, Р-4 зонасынан Ж-2Б зонасына ѳзгѳртʏʏ менен, аянты 34648,18 м2 жер тилкеси бала бакчаны куруу ʏчʏн бѳлʏнʏп берилсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |