Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 10-марты № 27-41/7

Каракол шаарындагы №9 мектебинин терезелерин алмаштыруу” долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын Каракол шаарынын 2021-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏ жѳнүндѳ

Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2020-жылдын 21-декабрындагы, кир:№01-7/325 катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXI сессиясы,

токтом кылат:

1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 544 000 (беш жʏз кырк тѳрт миң) сом ѳлчѳмүндѳгү акча каражатын, “Каракол шаарындагы №9 мектебинин терезелерин алмаштыруу” долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын Каракол шаарынын 2021-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏнʏ камсыз кылсын.

2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.А. Айсаракунов