КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 27-41/6
Каракол шаарынын стадионунун имаратынын чыгыш тарабын капиталдык ремонттоо” долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын Каракол шаарынын 2021-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏ жѳнүндѳ
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2020-жылдын 21-декабрындагы, кир:№01-7/325 катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 711 000 (жети жʏз он бир миң) сом ѳлчѳмүндѳгү акча каражатын, “Каракол шаарынын стадионунун имаратынын чыгыш тарабын капиталдык ремонттоо” долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын, Каракол шаарынын 2021-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏнʏ камсыз кылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |