Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 10-марты № 27-41/3

“Каракол шаарынын №15 орто мектебинин аймагына курчоо орнотуу” долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылоо ʏчʏн, Каракол шаарынын 2021-жылдын бюджетинин долбооруна акча каражатын киргизʏʏ жѳнүндѳ

Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2020-жылдын 21-декабрындагы, кир:№01-7/325 катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVII акырылышынын XXXXI сессиясы,

токтом кылат:

1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 644 000 (алты жʏз кырк тѳрт миң) сом ѳлчѳмүндѳгү акча каражатын, “Каракол шаарынын №15 орто мектебинин аймагына курчоо орнотуу” долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылоо ʏчʏн, Каракол шаарынын 2021-жылдын бюджетинин долбооруна акча каражатын киргизʏʏнʏ камсыз кылсын.

2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясына  жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.А. Айсаракунов