Редакцияот 21.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 21-июлу № 28-5/1

Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин кызматтан бошотууга макулдук берʏʏ жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2021-жылдын 21-июлундагы, кир:№01-7/213 жана кир:№01-7/214 каттарын карап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу жѳнʏндѳгʏ» Мыйзамынын 44-беренесинин 3-пунктунун негизинде, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясы,

токтом кылат:

1. Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Ɵскѳнбаев Сеит Садыровичти, ѳз каалоосу менен, кызматтан бошотууга макулдук берилсин.

2. Каракол шаарынын биринчи вице-мэрлигине, Бапаев Чингиз Арстанбековичти дайындоого макулдук берилсин.

3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык   ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Ж. Акимканов