Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 04-августу № 28-6/1
Каракол шаарынын мэриясынын укук бузууларды кароо боюнча комиссиясынын курамына ѳзгѳртʏʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Ɵскѳнбаевдин, 2021-жылдын 15-июнундагы, кир:№01-7/172 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын VI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кенешинин, 2019-жылдын 17-январындагы, №27-26/13 токтомунун 2 пункту жокко чыгарылсын.
2. Каракол шаарынын мэриясынын укук бузууларды кароо боюнча комиссиясы тѳмѳнкʏдѳй курамда бекитилсин:
- Каракол шаарынын биринчи вице мэри;
- Каракол шаарынын ММБДнин башчысы;
- Каракол шаарынын мэриясынын уюштуруу бѳлʏмʏнʏн башчысы;
- Каракол шаарынын мэриясынын юристи;
- Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча комиссиясынын тѳрагасы;
- Атуулдук коомдун жана жергиликтʏʏ коомдоштуктун ѳкʏлʏ(макулдашуу менен);
- Аймактын аксакалдар сотунун тѳрагасы (макулдашуу менен)
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |