Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-августу № 28-6/2
Мечит жана спорт зал салууга жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Ɵскѳнбаевдин, 2021-жылдын 12-июлундагы, кир:№01-7/196 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын VI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Ысык-Кѳл облусунун мусулмандар казыятына,мѳѳнѳтсʏз пайдалануу ʏчʏн, Каракол шаарынын, Орозбеков кѳчѳсʏ, №86 дарегинде жайгашкан, аянты 707,0 м2, жер тилкесин: мечит курууга-3,07 сотых жана спорт зал курууга-4 сотых бѳлʏп берсин.
2. Мечиттин курулушуна жооптуу болгон, Ысык-Кѳл облусунун мусулмандар казыяты жер тилкесин абаттоо, жашылдандыруу боюнча алган милдеттерин ѳз убагында аткарсын жана курулушту эки жылда бʏтʏрсʏн.
3. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн ѳзгѳртʏʏнʏ киргизсин;
-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюуусуз аткаруусун камсыз кылсын.
4. Куруучу, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |