Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-августу № 28-6/6
Ж-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Ɵскѳнбаевдин, Ж-1 зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2021-жылдын 27-апрелиндеги, кир:№01-7/131, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын VI сессиясы,
токтом кылат:
1. Ж-1 (жеке турак жай курулуш) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, Жапаров кѳчѳсʏ, №46 дарегинде жайгашкан, аянты 600 м2, жер тилкеси, Ц-1 (шаардын борборунун коомдук, иштиктʏʏ жана коммерциялык активдʏʏлʏк зонасы) зонасына которулсун.
2. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн ѳзгѳртʏʏнʏ киргизсин;
-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюуусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. А.Н.Скабеев, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |