Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-августу № 28-6/9
Каракол шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жѳнʏндѳ
«Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга сунуш кылынган талапкерлер боюнча материалдарды талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын VI сессиясы,
токтом кылат:
1. «Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамы, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык ѳнʏгʏʏсʏнѳ зор салым кошкондуктары ʏчʏн тѳмѳнкʏ атуулдарга ыйгарылсын:
- Абдреев Дʏйшалы Абдреевичке;
- Абдыкадыров Автандил Мукашевичке;
- Алыбеков Аскарга;
- Азизов Сагынга;
- Иманалиев Алымбек Иманалиевичке;
- Иренчиев Акмалы Джангазиевичке;
- Ишембиев Канатбек Абыловичке;
- Исмаилов Кубанычбек Касымовичке;
- Токтобаев Кубанбек Аманатовичке;
- Туруспаев Айтибек Дюшакуновичке;
- Муратов Бейшебайга;
- Сыдыков Бекбосун Талиповичке;
- Сагымбаев Мирбек Ɵмʏрбековичке;
2. Кабыл алынган токтомдун негизинде, аракеттеги Жобого ылайык, Каракол шаардык Кенеши, Каракол шаарынын мэриясы, жогоруда аталган жарандарга, «Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жѳнʏндѳгʏ биргелешкен токтомун кабыл алышсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |