Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-августу № 28-6/13
Бир жолку материалдык жардам кѳрсѳтүү ʏчʏн акча каражатын бѳлүп берүү жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлеринин 2021-жылдын 04-августундагы, кир:№01-7/240 жана Каракол шаардык Кенешинин аппарат кызматкерлеринин, 2021-жылдын 03-августундагы, кир:№238 кайрылуу каттарын карап жана талкуулап Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын VI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.Толумбекова) Каракол шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлерине, Каракол шаардык Кенешинин аппарат кызматкерлерине жана Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын кызматкерлерине бир айлык эмгек акы ѳлчѳмʏндѳгʏ, бир жолку материалдык жардам кѳрсѳтʏʏ ʏчʏн, 2021-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, мурда имаратты сатып алууга каралган каражаттан, 1235,9 (бир миллион эки жʏз отуз беш миң тогуз жʏз) сом акча каражатын бѳлʏп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |