Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

 

2021-жылдын 14-майы № 23

Жаңы – Бак , Паскы – Арык айылдарынын асфальт жолдоруна жол белгилерин коюуга макулдук берүү жөнүндө

Самаркандек айыл аймагынын Жаңы – Бак, Паскы – Арык айылдарынын жергиликтүү тургундарынын арызын карап чыгып балдардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугунун  сактоо жана  бөөдө кырсыктардын алдын алуу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Самаркандек айыл аймагынын Жаңы – Бак, Паскы – Арык айылдарынын асфальт жолдоруна (лежащий полицейский) жол белгилерин орнотуу үчүн Баткен райондук ДЭУ  ишканасына  сунуш берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укуктартибин коргоо чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Тулаев