Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Чий айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги 52-сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 6
«Ак-Чий айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ысык-Көл облусунун, Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Ак-Чий айылдык кеңешинин социалдык маселе боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Ак-Чий айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Ак-Чий айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Ак-Чий айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы кѳрсѳтүлгѳн мыйзамдарга ылайык тийиштүү расмий жарыялоо булактарына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Чий айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Чий айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына М.И. Дадиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Ж.Шергазиев |
|