Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин чакырылышынын 4-сессиясы
2021-жылдын 29-июлу № 13
Кызыл–Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгымдар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик шарттарынын негизинде тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана Кызыл-Суу айылдык Кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, сессияга коюлган маселелерди ар тараптан талкуулап Кызыл – Суу айылдык Кенеши
Токтом кылат;
1. Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын 19-сессиясынын 2020-жылдын 28-декабрындагы №236 токтомунда каралган 70911 “Балдар бакчасы” бөлүмүнүн 31112390 ”Имараттардын капиталдык ремонту” статьясындагы “Солнышко” балдар бакчасынын ремонтуна каралган 3000000 сомдук,70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 31113390 “Башка курулмалардын капиталык ремонту” статьясындагы чакан заманбап мал союлуучу цех салууга пландалган 2500000 сомдук, баардыгы 5500000 сомдук акча каражаты пайдаланылбай тургандыгын эске алып, бюджеттин акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында төмөндөгүдөй жумуштарга кайрадан бөлүштүрүлүп берилсин.
№ | Иш чаралар | Функционалдык классификация
| элемент | Сумма мин сом |
1 | Манас көчөсүнүн Тоо жак бетине тротуар салып ондоо иштерине жана кээ бир участокторуна темир тосмолорду орнотуу иштерине (Борбордук парктан Юматова көчөсүнө чейин жана Ибраев көчөсүнөн МСОго чейин) | 70629 | 31113390 | 4770771 |
2 | Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата Манас көчөсүн түнкү жарыктар менен кооздо иштерине. | 70629 | 31113390 | 644120 |
3 | Жалгыз - Өрүк айлындагы ФАПтын курулушуна кошумча акча каражаты түзүлгөн сметага ылайык | 70721 “ФАП” | 31112390 | 85109 |
| Баардыгы: |
|
| 5500000 |
2.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы бюджеттик уюмдардын жыл ичинде үзгүлтүксүз иштерин камсыз кылуу, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга тиешелүү ишкана, мекемелердин салык төлөмдөрүн өз убагында төлөөсүнө көмөк көрсөтүү максатында, жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн аткарылышына жараша өтө зарыл болгон учурларда иштин кызыкчылыгына жараша жергиликтүү бюджеттин чыгымдар бөлүгүндө бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө жылдыруу менен тиешелүү өзгөртүүлөр жүргүзүлүп турсун.
3.Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алымовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Казыбековго сессиянын токтомунун негизинде 2021-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана финансы маселелери бюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алымовго тапшырылсын.
Айылдык Кенешинин Төрайымынын орун басары |
Ж. Асаналиев |