Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын 1-сессиясы
2021-жылдын 19-майы № 3
Кызыл-Суу айылдык регламенти жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык кенешинин регламентин карап, талкуулап чыгып Кызыл-Суу айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат.
1. Кызыл-Суу айылдык кенешинин регламенти бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кызыл-Суу айылдык кенеши өз ишмердигинде ушул регламентти жетекчиликке алсын.
3. Кызыл-Суу айылдык кенешинин регламентин газетага жарыялап, юстиция министирлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айылдык кенешинин жоопту катчысы А.Ташбаевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасына жана жоопту катчысы А.Ташбаевага милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин сессиясынын төрагасы |
Г. Чыныбаева |