КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын __-сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 284
“Кызыл-Суу айыл аймагында жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун негизинде муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында “Кызыл-Суу,Саруу, Даркан, Оргочор, Светлая-Поляна айыл аймактарынан катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу” кызматын жакшыртууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө”
Жергиликтүү бюджет жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү долбоорлордун программаларын ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык, “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбооруна белгиленген өздүк салымдыбөлүп берүү боюнча маселени ар тараптан карап чыгып, талкуулап айылдык кенештин сессиясы токтом кылат.
1. Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун негизинде түзүлгөн Хельвитас Свисс Интеркооперейшн Ассоциясы менен “Кызыл-Суу, Саруу, Даркан, Оргочор, Светлая-Поляна айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы негизги келишимдин №3 тиркемесине ылайык 980000 (тогуз жүз сексен мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго айылдык кенешинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №236-токтомунун жана 2021-жылдын 30-мартындагы 21-сессиясынын токтомунун негизинде жогоруда көрсөтүлгөн 980000 (тогуз жүз сексен мин) сом акча каражаты “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун талабына ылайык бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго тапшырылсын.
Төрага | Р. Байдөлөтов |