Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын __-сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 282
Кызыл-Суу айыл аймагынын алдындагы “Жайыт” комитетиннн 2021-жылдын 25-март айындагы айыл аймагындагы малчылар жана мал ээлери менен өткөрүлгөн жыйналыштын чечимин жана бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл аймагынын алдындагы “Жайыт” комитетинин 2021-жылдын 25-март айындагы айыл аймагындагы малчылар жана мал ээлери менен өткөрүлгөн жыйналыштын чечимин жана Кызыл-Суу жайыт комитетинин төрагасы М.Маданбековдун сунушун карап чыгып айылдык кенешинин _____ сессиясы токтом кылат.
1. Кызыл-Суу айыл аймагынын алдындагы “Жайыт” комитетинин 2021-жылдын 25-март айындагы айыл аймагындагы малчылар жана мал ээлери менен өткөрүлгөн жыйналышта бодо малдарга 400 (төрт жүз) сомдон, ал эми майда малдарга 70 (жетимиш) сомдон тузу ичинде, баккан акысы үчүн, кабыл алынган чечими бекитилсин.
2. Айылдарда жайгашкан кашарларда күнүмдүк оокат кылуу максатында 3 баш саан уй жана 1 баш мингич аттан калтырылсын, калтырылган саан уйларын өзүлөрүнө тиешелүү жер участкаларына багуу, башка элдердин жерлерине киргизбө боюнча жоопкерчилиги суралсын. Ал эми башка малдардын баары алыскы сырт өрөнүндөгү жайыттарга көчүрүлсүн.
3. Айылда калган саан уйларга уюшулган баданын акысы ар бир бодо малга 400 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Кызыл-Суу Жайыт комитетинин сунушунун негизинде жайыт акысы бодо мал башына 60 сомдон ал эми кой эчкиге мал башына 12 сом болуп бекитилсин. Жайыт комитетинин төрагасы М.Маданбеков малчылар менен эки тараптуу келишимди өз убагында түзүп, жайыт акысын толугу менен убагында чогултуу жагы М.Маданбековго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Кызыл-Суу Жайыт” комитетинин төрагасы М.Маданбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Байдөлөтов |