Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын __-сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 273
Кызыл-Суу айылындагы “Жайыт” комитетине тиешелүү 212 га маданий жайыт жерине көп жылдык бак тигүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановдун“Жайыт” комитетине тиешелүү №203 контурдагы 68,5 га, №201 контурдагы 45,7 га, №207 контурдагы 59,3 га, №177 контурдагы 38,5 га баардыгы болуп 212 га маданий жайыт жерине көп жылдык бак тигүү сунушун карап чыгып айылдык кенешинин _____ сессиясы токтом кылат.
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановдун сунушу эске алынсын.
2. “Жайыт” комитетине тиешелүү №203 контурдагы 68,5 га, №201 контурдагы 45,7 га, №207 контурдагы 59,3 га, №177 контурдагы 38,5 га баардыгы болуп 212 га маданий жайыт жерин көп жылдык бак тигүү пландаштырылгандыгына байланыштуу маданий жайыттан көп жылдык бак категориясына Кыргыз Республикасынын жер кодексинин _____ статьясына ылайык которулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго жана “Жайыт” комитетинин төрагасы М.Маданбековго тапшырылсын.
Төрага | Р. Байдөлөтов |