Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын XIX-сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 267
“Кесип Булагы” окуу борборунун имаратынын чатырынын кайра жабуу иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
“Кесип Булагы” окуу борборунун жалпы жааматынын кайрылуусунун негизинде, ошондой эле окуу борборуна тарбияланып жаткан окуучуларга ынгайлуу шарт түзүп берүү максатында айылдык кенештин сессиясы токтом кылат.
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын аягында келип чыккан чыгашалардан кирешелердин ашык болгон акча каражатынын эсебинен “Кесип Булагы” окуу борборунун имаратынын (мурдагы муниципалдык мончонун имараты) чатырын кайра жабуу иштерине зарыл болгон 199400 (бир жүз токсон тогуз мин төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго сессиянын токтомунун негизинде 2021-жылга бекитилген чыгымдоолордун 70621 “Орто мектептер” бөлүмүнүн 31112390 “Башка имараттардын капиталдык ремонту” статьясынын эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн 199400 (бир жүз токсон тогуз мин төрт жүз) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сулайымбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго тапшырылсын.
Айылдык кенешинин төрагасы | Р. Байдөлөтов |