Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2020-жылдын 28-декабры № 263

Кызыл-Суу айылынын ичине орнотулган аялдамалардын тегерегине кум шагыл төгүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

2020-жылы башталып бүтпөй калган Кызыл-Суу айылынын ичине аялдамаларды салкк жумуштарын аягына чейин бүткөрүү максатында, айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат.

 

1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын аягында келип чыккан чыгашалардан кирешелердин ашык болгон акча каражатынын эсебинен Кызыл-Суу айылынын ичине орнотулган аялдамалардын тегерегине кум шагыл төгүүгө зарыл болгон 150000 (бир жүз элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго сессиянын токтомунун негизинде 2021-жылга кошумча бекитилген чыгымдоонун 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 22154900 “Башка чыгымдар” статьясынын эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн 150000 (бир жүз элүү мин) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сулайымбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго тапшырылсын.

 

Аыйлдык кенешинин төрагасы

Р. Байдөлөтов