Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын XIX-сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 261
Кызыл-Суу айылындагы борбордук мечиттин ремонтто жумуштарына зарыл болгон акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл аймагындагы жалпы мусулмандар жамаатынын кайрылуусунун негизинде, ошондой эле борбордук мечиттин ремонттоо жумуштарына көмөк көрсөтүү максатында, Кызыл-Суу айылдык кешеинин сессиясы токтом кылат.
1. Кызыл-суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын аягына келип чыккан чыгашалардан кирешелердинашык болгон акча каражатынын эсебинен борбордук мечиттин ремонттоо жумуштарына зарыл болгон 152400 (бир жүз элүү мин төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго сессиянын токтомунун негизинде 2021-жылга кошумча бекитилген чыгымдоонун 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 22154900 “Башка чыгымдар” статьясынын эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн 152400 (бир жүз элүү эки мин төрт жүз) сом акча каражатын каражатын бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сулайымбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго тапшырылсын.
Аыйлдык кенешинин төрагасы | Р. Байдөлөтов |