Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын XIX-сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 259
“Кызыл-Суу “Агрозооветсервис” МИ тиешелүү жумуштарды аткарууга, чарбалык короосунун ирээтке келтирүү жумуштарына зарыл болгон акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жөнүндө”
Кызыл-Суу “Агрозооветсервис” МИ кайрылуусун ар тараптан карап чыгып, талкуулап айыл аймагында мал чарба багытын өнүктүрүүнү колго алууга көмөк көрсөтүү, ишкананын чарбалык короосун ирээтке келтирүүгө жардам берүү максатында, айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат.
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын аягында келип чыккан чыгашалардан кирешелердин ашык болгон акча каражатынын эсебинен Кызыл-Суу “Агрозооветсервис” МИ 2021-жылдын пландалган иш чараларын аткарууга көмөк көрсөтүүгө 1800000 (бир миллион сегиз жүз мин) сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго сессиянын токтомунун негизинде 2021-жылга кошумча бекитилген чыгымдоонун 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 22154900 “Башка чыгымдар” статьясынын эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн 1800000 (бир миллион сегиз жүз мин) сом акча каражатын Кызыл-Суу “Агрозооветсервис” МИ бет эсебинен которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сулайымбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго тапшырылсын.
Аыйлдык кенешинин төрагасы | Р. Байдөлөтов |