Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2020-жылдын 28-декабры № 249

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна мүчөлүк акысын төлөөгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунуну 2020-жылдын 19-декабрындагы чыгыш номери №8-17 катынын негизинде жана ошондой эле бул союздун республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башын кошуп, алардын кызыкчылыктарын коргогон жалгыз лигитимдүү орган болгондуктан эске алып, айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат.

 

1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кыргыз республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна мүчөлүк акыларды төлөөгө зарыл болгон 17000 (он жети мин) сом акча каражаты бөлүнүп бөлүнүп берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго сессиянын токтомунун негизинде 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын 70111 “Айыл өкмөтүнүн аппараты” бөлүмүнүн 22141900 “Башка чыгымдар” стаьясынын эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн 17000 (он жети мин) сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун көрсөткөн бет эсебине которуп берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сулайымбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго тапшырылсын.

 

Аыйлдык кенешинин төрагасы

Р. Байдөлөтов