Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын XVIII-сессиясы
2020-жылдын 14-октябры № 228
«Жайыт жерин маданий жайыт жерине которуу жөнүндө»
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин айылдык Кенешинин жер жана агрардык комитетине 12,1 га жайыт жерин маданий жайыттарга которуу боюнча жазган кайрылуусунун 3-ноябрындагы Жалгыз-өрүз кайрылынын тургундарынын чогулушунун №1 протоколунун, 2020-жылдын 9-октябрындагы жер жана агрардык комитетинин жайыт жерин маданий жайыттарга которуу жөнүндөгү отурумунун №1 протоколунун негизинде, айылдык кенештин сессиясы токтом кылат.
1. Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине тиешелүү Жалгыз-өрүк айылынын күн батыш тарабында жайгашкан №1300-контурунан 9,8 га жер, №1303-контурунана 1,3 га жер, №1301-контурунан-1 га жер баардыгы 12,1 га жайыт жери маданий жайыттарга которулсун.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн 12,1 га жайыт жерин маданий жайыт жерге которуу жагы Жети-өгүз райондук мамлекеттик администрациясынана суралсын.
3. Жайыт жерлерди маданий жайыттарга которуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуулар бирикмесинин төрагасы М.Маданбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айылдык кенешинин жер жана аграрды ккомитетинин төрагасы Б.Жамановго жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго тапшырылсын.
Аыйлдык кенешинин төрагасы | Р. Байдөлөтов |