Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

XXVII-чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы

 

2021-жылдын 16-марты № 16

“Октябрь айылындагы Маман-Органик айыл чарба коммерциалык кооперативинин арызын кароо жөнүндө”

 

Октябрь айылындагы Маман-Органик айыл чарба коммерциалык кооперативинин кайрылуусун карап жана айылдык Кенештин депутаттары карап чыгып Октябрь айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1. Октябрь айылындагы Маман-Органик айыл чарба коммерциалык кооперативинин  арызы канагатандырылсын.

2. Октябрь (Маман) айылындагы №136 контурдан берилген жер тилкелеринин  ээлеринин ѳз макулдугу менен башка контурга отургузуу жагы жер комиссиясына  тапшырылсын.

3. Октябрь (Маман) айылындагы №136 контурунда жайгашкан 2,2 га жер тилкеси кѳп жылдык мѳѳнѳткѳ 50(элүү) жылга ижарага берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына  милдеттендирилсин.

 

Төрага:

А.Р. Токомбаев